Зеленский өлкөнүн аба мейкиндигин учактар үчүн жабуу талабын кайталады

Владимир Зеленский онлайн режиминде байланышкан Канаданын Федералдык Парламентинин жалпы жыйынынын отурумунда сөз сүйлөдү жана Телеграм баракчасынан видео кайрылуу жасады.

1796197
Зеленский өлкөнүн аба мейкиндигин учактар үчүн жабуу талабын кайталады

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн аба мейкиндигин учактар ​​үчүн жабуу талабын кайталады.

Владимир Зеленский онлайн режиминде байланышкан Канаданын Федералдык Парламентинин Жалпы жыйынынын отурумунда сөз сүйлөдү.

Украинанын аба мейкиндигин учактар ​​үчүн жабуу талабын кайталаган Зеленский: «Асманды жапкыла. Аба мейкиндигин жапкыла. Бомбалоону токтоткула. ​​Биз муну ишке ашырууга чейин биздин шаарларга дагы канча ракета түшүшү керек?»,-деди.

Зеленский парламентте эмоционалдуу сөз сүйлөп: «Биз силердин шаарларыңарды бомбалап, үйлөрүңөрдү өрттөп жатканда кандай болорун элестетүүнү каалайбыз. Орусия Украинаны жок кылууга аракет кылууда»,-деп айтты.

Украин лидери Орусияга каршы санкциялар азырынча жетишсиз болгонун, Орусия согуш аракеттерин жоготуп, бир доллары да калбашы үчүн дагы көп экономикалык санкциялар киргизилиши керектигин айтты.

Владимир Зеленский өзүнүн Telegram эсебинен бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусиянын Украинада баштаган согушунун 20-күнүнө баа берип: «Биз ракеталардын, аба соккуларынын, танктардын жана снаряддардын мизин майтаруудабыз. Орусия бизди жок кылуу үчүн бардыгын колдонууда»,-деген сөздөргө орун берди.

Орус армиясынын баш калаа Киевди басып алууну пландап жатканын белгилеген Зеленский, абадан кол салуулардын алдын алуу үчүн өлкөсүнүн аба мейкиндигинин НАТО тарабынан жабылышы керектигин кайталады.

Ал арада Канада Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников жана РФнын вице-премьер-министри Дмитрий Григоренко баш болгон дагы 15 орусиялык жогорку даражалуу жетекчилерге санкция киргизди.

Канада өкмөтү 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери 900дөн ашуун адамга жана уюмга санкция киргизген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар