Нотр - Дам соборунан байыркы мүрзө табылды

Париждеги  Нотр - Дам соборунан 14  -  кылымга таандык экендиги болжолдонгон сөөктөр жана коргошундан жасалган саркофаг табылды.

1796310
Нотр - Дам соборунан  байыркы мүрзө  табылды

Франциянын борбор шаары Париждеги  Нотр - Дам соборунан 14  -  кылымга таандык экендиги болжолдонгон сөөктөр жана коргошундан жасалган саркофаг табылды.

Нотр - Дам соборунда 2019 – жылдагы өрттөн кийин башталган реставрация иштери учурунда жаңы табылгалар чыкты.

Франциянын Маданият министрлигинин билдирүүсүнө караганда, изилдөөлөр учурунда табылган мүрзөлөр менен бирге толук сакталган, антропоморфтук жана коргошундан жасалган саркофаг табылды.

Саркофагдын собор курулгандан кийин 1300 - жылдары мамлекеттик жогорку кызмат адамдары үчүн курулгандыгы болжолдолууда.

Улуттук Археология Изилдөө Институтунан Доминик Гарсианын айтымында, табылгалардын айрымдары ошол мезгилдеги сөөк коюу иштерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.



Тектеш кабарлар