Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасы аяктады

Орусиянын Украинага кол салууларынын 19-күнүндө делегациялар бүгүн кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө отурушту.

1795341
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасы аяктады

Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 4-айлампасы аяктады.

Орусиянын Украинага кол салууларынын 19-күнүндө делегациялар бүгүн кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө отурушту. Онлайн сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү жыйынынын аяктагандыгы маалымдалды.

Украина президентинин апппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк өз билдирүүсүндө, жолугушууда эки тараптын тең өз көз караштарын айткандарын, делегациялардын ортосундагы пикир келишпестиктердин ар башка саясий системалардан келип чыкканын кабарлады.

Сүйлөшүүлөргө байланыштуу акыркы билдирүүсүндө Подоляк жыйындын аяктаганын жарыялады.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.

Андан бери эки тараптын делегациялары 3 жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушкан.



Тектеш кабарлар