Киевдеги түрк ишкери бекер тамак таратууда

Дүкөндөрдүн жабык болушунун себебинен Киевдин айрым тургундары тамак-ашка жетүүдө кыйынчылык тартууда.

1794994
Киевдеги түрк ишкери бекер тамак таратууда

Түрк ишкери Онур Хеким, Украинанын борбор шаары Киевде согуштан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон миңдей украиналыкка бекер тамак берүүдө.

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам Киевдеги дүкөндөрдүн көбү жабык, ачыктарында болсо азыктар аз.

Дүкөндөрдүн жабык болушунун себебинен Киевдин айрым тургундары тамак-ашка жетүүдө кыйынчылык тартууда.

20 жыл мурун Измирден Киевге барган жана шаардагы тамактануу секторунда кызмат кылган Онур Хеким, согуштан улам үйлөрүн таштап кеткен украиналыктарга бекер тамак таратып жатат.

Ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүсү менен ыктыярчыларды өзүнө таандык ресторанда үйлөрүнөн чыгып кеткен киевдиктерге тамак даярдоого чакырды.

Бул чакырыктан улам көптөгөн ыктыярчылар тамак даярдоого катышуу үчүн Онур Хекимге кайрылышты.

Андан соң ыктыярчылардын жардамы менен Хеким, согуш башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин 24-февралдан тарта 500 кишиге тамак-аш тарата баштаган.

Хеким тарабынан каржыланган жардам акциясында учурда болжол менен миң украиналыкка бекер тамак таратылууда.



Тектеш кабарлар