БУУ: "2 миллион 155 миң 271 качкын Украинадан коңшу өлкөлөргө өттү"

Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу ар түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.

1792610
БУУ: "2 миллион 155 миң 271 качкын Украинадан коңшу өлкөлөргө өттү"

Орусия-Украина согушунан улам Украинадан коңшу өлкөлөргө 2 миллион 155 миң 271 качкын өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу ар түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө жарымынан көбү Польшага кеткен 2 миллион 155 миң 271 качкындын 24-8-март күндөрү Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөнү белгиленди.

Польшага 1 миллион 294 миң 903, Венгрияга 203 миң 222, Словакияга 153 миң 303, Румынияга 85 миң 444, Орусияга 99 миң 300, Молдовага 82 миң 762, Белоруссияга 592 жана берки Европа өлкөлөрүнө болсо 183 миң 6 адамдын качканы, бул сандардан тышкары 18-23-февраль күндөрү Донецк жана Луганск облустарынан Орусияга 96 миң кишинин өткөнү кабарланды. 

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы Украинадагы кырдаал мындан ары курчуса, 4 миллионго чейин жайкын тургундун өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.



Тектеш кабарлар