Орусия АКШга ракеталык кыймылдаткычтарды жөнөтүүнү токтотту
Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) башчысы Дмитрий Рогозин билдирүү жасады.
1789168
![Орусия АКШга ракеталык кыймылдаткычтарды жөнөтүүнү токтотту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/44cc/224b/0236/62209ecca3bca.jpg?time=1718904747)
Орусия АКШга ракеталык кыймылдаткычтарды берүүнү токтоткону кабарланды.
Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) башчысы Дмитрий Рогозин Орусиянын мамлекеттик “Россия-24” каналына берген маегинде, 1990-жылдардан бери АКШга ракета кыймылдаткычтарын жеткирип жатышканын айтты.
Санкциялардан улам АКШга ташуулар боюнча чечим чыгаргандарын белгилеген Рогозин: "Бүгүн биз NPO Energomas чыгарган ракета кыймылдаткычтарын АКШга жөнөтүүнү токтотууну чечтик",- деди.
Рогозин ошондой эле Германия менен Эл аралык космос станциясынын (ЭКС) Орусияга таандык бөлүгүндө биргелешкен эксперименттердин мындан ары жүргүзүлбөй турганын айтты.