Сирияда бир соода борборунда өрт чыкты

Өрттөн 11 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1787902
Сирияда бир соода борборунда өрт чыкты

Сириянын борбор шаары Дамасктагы соода борборунда чыккан өрттөн 11 киши каза болду.

Асад режиминин САНА агенттигинин кабарына караганда, Дамасктын Хамра көчөсүндө жайгашкан соода борборунда эртең мененки сааттарда белгисиз бир себеп менен өрт чыккан.

Режимдин Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : 

"Өрттөн 11 адам каза болду. Жаралуу куткарылган  2 киши ооруканага жеткирилди. Материалдык чыгым  алып келген   өрттүн келип чыгуу себептери изилденүүдө", - деп билдирилди.  



Тектеш кабарлар