Орусия аба мейкиндигин 36 өлкөгө жапты

Бул тууралуу Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) билдирүүсүндө орун алды.

1787191
Орусия аба мейкиндигин 36 өлкөгө жапты

Европа мамлекеттеринин орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапканына жооп катары Орусия 36 өлкөнүн, анын ичинде Германия менен Франциянын учактары үчүн аба мейкиндигин жапты.

Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) билдирүүсүндө, эл аралык укук нормаларына ылайык, Европа мамлекеттеринин аба мейкиндигинин орус учактарына же Орусияда катталган жарандык учактардын учуусуна жабылышына жооп кайтарылганы билдирилди.

36 өлкөнүн авиакомпанияларына чектөөлөр киргизилгени белгиленген билдирүүдө Орусиянын аба мейкиндиги жабылган өлкөлөр төмөнкүдөй болду:

«Австрия, Албания, Англия, Бельгия, Болгария, Британ Виргин аралдары, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Гибралтар, Греция, Дания, Жерси (анын ичинде Гренландия, Фарер аралдары), Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Кипр , Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Норвегия, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Хорватия, Чехия, Швеция, Эстония”



Тектеш кабарлар