Евробиримдик аба мейкиндигин орус учактары үчүн жабууда

Russia Today жана Sputnik менен алардын филиалдарынын да бутага алына турганы билдирилди.

1786558
Евробиримдик аба мейкиндигин орус учактары үчүн жабууда

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайым Урсула фон дер Ляйен Биримдиктин өзүнүн аба мейкиндигин орус учактары үчүн жаба турганын жарыялады.

Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин аба мейкиндигин орусиялык авиакомпаниялар үчүн жабууну чечкендерин айтып: "Буга олигархтардын жеке учактары да кирет",- деди.

"(Орусиянын Президенттик сарайы) Кремлдин медиа органына  Евробиримдикте тыюу салабыз" деген Фон дер Ляйен, орус мамлекетинин маалымат органдары Russia Today жана Sputnik менен алардын филиалдарын бутага ала тургандарын билдирди.

Ляйен: "Алар эми Путиндин согушун актоо үчүн өздөрүнүн жалгандарын жая алышпайт»,- деди.

Ошондой эле Евробиримдиктин тарыхында биринчи жолу согуштагы бир өлкө үчүн курал-жарак сатып алууну жана жеткирүүнү каржылай турганын кабарлады.

Еврокомиссиянын төрайымы, Беларуска да жаңы экономикалык санкцияларды киргизе турганын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель да көрүлө турган чаралар менен Орусиянын Борбордук банкынын резервинин жарымынан көбүнө бөгөт коюла турганын маалымдады. 

Орус аскерлери 24-февралда Украинага операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар