Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялады

Владимир Путин таң эрте телеканал аркылуу элге кайрылуу жасады.

1784199
Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялады.

Владимир Путин таң эрте өзүнүн телеканалы аркылуу элге кайрылуу жасады.

Украинанын чыгышындагы өзүн жикчил делген өкмөттөрдүн Орусиядан аскердик жардам сураганын эске салган Путин: «Ошого ылайык, мен атайын аскердик операция уюштурууну чечтим. Операциянын максаты - сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кордук көрүп, геноцидге кабылган элди коргоо. Арасында Орусия Федерациясынын жарандары да болгон жарандарга каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле Украинанын нацизмден жана милитаризмден куткарылышы үчүн аракет кылабыз»,-деп айтты.

Украинанын аймагына кол салуу пландары жок экенин баса белгилеген Путин, эч кимге эч нерсе мажбурлабай тургандарын айтты.

Бир тараптан Орусия Украина жана Белоруссия менен батыш чек арасындагы аба мейкиндигинин жарандык каттамдарга жабылганын жарыялады.



Тектеш кабарлар