Донбасста кагылышуу болду

Донбасста Россия жактоочусу жикчилдер ок атып 2 украин аскери жана бир жарандын каза болгондугу билдирилди.

1782504
Донбасста кагылышуу болду

 Украинанын чыгышындагы Донбасста Россияны жактаган жикчилдер ок атып,  2 украин аскери менен 1 жарандын каза болгондугу, 4 аскердин жараланганы маалымдалды.

Украина полициясынын билдирүүсүндө жикчилдердин ок  атышы менен Зайцеведе 2 украин аскеринин каза болгондугу, үчөөсүнүн жаралангандыгы белгиленди. Водиан аймагында да бир аскердин жараланганы билдирилди.

Өзгөчө  Донецк облустук администрациясынын  иөрагасы  Павел Кириленко Новолуганскиде бир жарандын жикчилдердин ок атуусу менен каза болгонун билдирди.

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Украинанын чыгыш сызыгында ок атышпоо режиминин бузулушуна байланыштуу акыркы отчеттон тынчсыздангандыгы жана бардык тараптарды сабырдуу болууга чакырганы билдирилди.

Украинанын борбор шаары Киевде 2013 - жылдын 21 - ноябрында президент Виктор Янукович Европа Биримдигинин  ассоциациялык келишимине кол койбошу менен митингдер башталган.

Митингдердин күчөшү менен 2014 - жылдын февралында Янукович өлкөдөн качып кетип, Россияны жактаган жикчилдер өлкөнүн чыгышындагы Донбасс аймагында Донецк жана Луганск шаарларында өздөрүнүн эгемендүүлүктөрүн  жарыялашкан.

2014 - жылдан бери жикчилдер менен Киев өкмөтүнүн ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар