Столтенберг : "Россия Украинага кол салуу үчүн шылтак издеп жатат"

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Коргоо министрлеринин жыйынынан кийин маалымат берди.

1780534
Столтенберг : "Россия Украинага кол салуу үчүн шылтак издеп жатат"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россиянын Украинага кол салуу үчүн шылтоо издеп жатканын айтып, Россияны чегинүүгө чакырганын кайталады. Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Коргоо министрлеринин жыйынынан кийин маалымат берди.

Россиянын аскер жайгаштырууну  улантканын белгилеген Столтенберг : «Россияны Украина чек арасындагы аскерлерин чыгарууга чакыруудабыз»,- деди.

НАТОнун башкы катчысы Украинага карата колдоосунун улантыларын баса белгилеп : «Россиянын Донецк жана Лугансктын көз карандысыздыгын тааныса Украинанын жеринин  бүтүндүгүнүн бузулушу болот»,- деди.

«Союздаштар Россия менен диалогго даярбыз»,- деген Столтенберг : «Россия Украинаны басып алуу үчүн жетеринче күчкө ээ жана Россиянын Украинага басып киришинен кооптонуудабыз.  Россияга аскерлерин чыгаруу жана диалогго чакыруудабыз. Аянттагы фактыларды карап жатабыз, Россиянын Украина чек арасында чоң бир аскери бар экендигин баары билет»,- деди.

НАТОнун бир коркунуч эмес, бир коргонуу союздаштыгы экендигин белгилеген Йенс Столтенберг бардык союздаштарын коргоо үчүн керектүү кадамдарды таштагандарын айтты жана НАТОнун дипломатия жана диалогго ишенгендигин баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар