Израилдин Дамаскка ракеталык кол салгандыгы айтылууда

Жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери Израил Иран колдогон топторго жана Сириядагы режимдин аскердик пункттарына мезгил - мезгили менен кол салууларды жасоодо.

1780215
Израилдин Дамаскка ракеталык кол салгандыгы айтылууда

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамакста айрым  аскердик пункттарга кургактыктан кургатыкка атуучу ракеталар менен кол салгандыгы билдирилди.

Асад режиминин кабар агенттиги САНА аскердик булакка таянып берген кабарында, Израилдин Дамасктын түштүгүндөгү Закийе шаарынын айланасында режим күчтөрүнө таандык кээ бир аскердик пункттарды жергиликтүү убакыт боюнча саат 23 : 35те кургактыктан кургактыкка атуучу ракеталар менен бутага алганын билдирди.

Жарылуу үндөрүнүн угулгандыгы белгиленген кабарда : «Оккупациядагы Голан дөңсөөлөрүнөн жасалган кол салууда материалдык чыгым болду»,- деп билдирилди.

Дамаск жана айланасында режим армиясы менен бирге Иран колдогон чет элдик террордук топтор менен Хизбуллахка таандык аскердик пункттар бар.

Бир тараптан Израил армиясы режим күчтөрү тарабынан 9 - февралда атылган зениттик ракетага өч алуу максатында режим аскерлери жайгашкан жерлерге кол салуу жасаганын жарыялады жана Асад режими да Дамаскка жасалган кол салууда бир аскердин каза болгондугун, 5 аскердин жаралангандыгын билдирген.

Жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери Израил Иран колдогон топторго жана Сириядагы режимдин аскердик пункттарына мезгил - мезгили менен кол салууларды жасоодо.



Тектеш кабарлар