Британия : "Россиянын аскерлерин чыгаргандыгына байланыштуу далил жок"

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс орус аскерлеринин азаюсунун байкалбагандыгын белгилеп

1780528
Британия : "Россиянын аскерлерин чыгаргандыгына байланыштуу далил жок"

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс орус аскерлеринин азаюсунун байкалбагандыгын белгилеп : «Азыркы учурда орустардын Украина жакындарындагы чек ара аймактарынан чыккандыгына байланыштуу далил жок»,- деди.

Трасс Telegraph гезитине жазган макаласында Россиянын күчтү гана сыйлай турганын, ошондуктан АКШ менен НАТО союздаштарынын  Россияга катуу жооп кайтарууну улантышарын   баса белгиледи.

Дипломатия үчүн биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин мындан мурда болбогондой деңгээлде олуттуу санкция чаралары менен бириккенде орчундуу мааниге ээ экендигин баса белгилеген Трасс буларды айтты : «Россиянын айрым аскердик бөлүктөрү казармаларына кайтып келгендиги айтылуу менен жаңылыш бир коопсуздук сезимине кабылбашыбыз керек. Орус аскерлери бир басаңдоону көрсөтпөй жатат. Азыркы учурда орустардын Украина жакындарындагы чек ара аймактарынан чыккандыгына байланыштуу далил жок».

Трасс Россиянын каалаган убакта кол сала ала турганчалык адам күчү жана техникасынын бар экенин билишкендерин айтты.

Британиянын Тышкы иштер министри Трасс Кремлдин жардын жээгинен кайтуусу жана дипломатия жолу менен түрдүү жолдорду тандашы үчүн азыр да убакыттын бар экендигин айтты.

Ошол эле учурда министр Трасс Британиянын Украинанын эгемендигине берген колдоосун кайрадан тастыктоо жана Москвагы   чек арага аскер жайгаштырууну токтотууга чакыруу үчүн бүгүн Киевге барат. Трасс сапарынын жүрүшүндө кесиптеши, Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен жолугушат.



Тектеш кабарлар