Путин менен Макрондун сүйлөшүүсү

Орусиянын (Президенттиктин) Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө Путиндин Макрон менен сүйлөшүүсүнүн борбор шаар Москвада мурда болгон бетме-бет жолугушуунун уландысы экени баса белгиленди.

1777682
Путин менен Макрондун сүйлөшүүсү
lukaşenko putin.jpg

Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын жана Беларустун президенттери Эммануэль Макрон жана Александр Лукашенко менен «коопсуздук кепилдиктери жана Украина маселесин» талкуулады.

Орусиянын (Президенттиктин) Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө Путиндин Макрон менен сүйлөшүүсүнүн борбор шаар Москвада мурда болгон бетме-бет жолугушуунун уландысы экени баса белгиленди.

Билдирүүдө Орусиянын коопсуздугуна узак мөөнөттүү укуктук кепилдиктерди берүү жана Макрондун Украина, АКШ жана бир катар Европа мамлекеттеринин лидерлери менен сүйлөшүүлөрүн эске алуу менен украин кризисин жөнгө салуудагы туңгуюктан чыгуу маселелери терең талкууланганы белгиленген.

Сүйлөшүүдө Путин АКШ менен НАТО Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча аракеттерине конкреттүү жооп бербегенин баса белгилеп, Батыштын Киевди Минск келишимдерин аткарууга мажбурлоону каалабай турганын билдирди. Путин муну 10-февралда Берлинде Нормандия форматындагы саясий кеңешчилердин ийгиликсиз кеңешүүсү дагы бир жолу көрсөттү деп белгиледи.

Путин менен Макрондун «Орусиянын Украинаны басып алуу планы» деген провокациялык спекуляциялардан улам түзүлгөн кырдаалды талкуулаганы белгиленген билдирүүдө, «Украинага кеңири масштабдагы курал-жарактарды киргизүү менен коштолгон бул кырдаал Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн Донбасста ыктымал чабуул аракеттери үчүн алдын ала шарттарды жаратууда»,деген сөздөр колдонулган.

Бир тараптан Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен «коопсуздук кепилдиги» темасын талкуулады.

Кремлдин билдирүүсүндө, эки лидер телефондук сүйлөшүүдө АКШ менен НАТОнун Орусиянын өз коопсуздугуна узак мөөнөттүү эл аралык укуктук кепилдиктерди иштеп чыгуу сунушуна реакциясын талкуулашканы белгиленди.



Тектеш кабарлар