Йеменде 310 куралдуу хуси өлтүрүлдү

Араб коалициясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йемендин Мариб провинциясында акыркы 24 саатта хусилерге каршы 36 операциянын жүргүзүлгөндүгү маалымдалды.

1752181
Йеменде 310 куралдуу хуси өлтүрүлдү

Йемендеги өкмөттү колдогон Сауд Арабия жетектеген араб коалициясы өлкөнүн Мариб провинциясында Иран колдогон хусилерге каршы операцияларда 310 куралдуу күчтөрдүн өлтүрүлгөнүн билдирди.

Араб коалициясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йемендин Мариб провинциясында акыркы 24 саатта хусилерге каршы 36 операциянын жүргүзүлгөндүгү маалымдалды. 

Маалыматта бул операцияларда 310 хусинин өлтүрүлгөндүгү, 28 аскердик унаанын да колдонулбай турган абалга келгендиги белгиленди. Хусилерден бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок. 

Узун убакыттан бери саясий туруксуздук болуп жаткан Йеменде Иран колдогон хусилер 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана айрым аймактарды көзөмөлдөөдө. 

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар