Польша Беларустун чек арасына журналисттердин кирүүсүнө уруксат берет

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн чек араларын коргоо мыйзамы тууралуу жобонун өкмөт тарабынан кабыл алынганы кабарланды.

1734484
Польша Беларустун чек арасына журналисттердин кирүүсүнө уруксат берет

Польшада журналисттерге белгилүү шарттар менен Беларустун чек арасына кирүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору кабыл алынды.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн чек араларын коргоо мыйзамы тууралуу жобонун өкмөт тарабынан кабыл алынганы кабарланды.

Билдирүүдө жобонун чек аралардын дагы таасирдүү корголушун көздөгөнү, муну менен биргеликте журналисттердин Польша-Беларусь чек арасына белгилүү шарттарда кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бергени айтылды.

Эки өлкөнүн чек арасында Европага көчүүнү каалагандар тарабынан түзүлгөн басымдын уланып жатканына көңүл бурулган билдирүүдө, Беларус тараптын мамилеси баса белгиленди.

Билдирүүдө, жобонун негизинде чек арачылардын коопсуздугу да жогорулап, журналисттер чек ара аймагында өзгөчө шарттар менен иштей ала турганы маалымдалды.

Ал арада парламенттин спикери Рысзард Терлецки чоң ыктымалдуулук менен улуттук маалымат каражаттарына уруксат берилерин, ал эми аймактык маалымат каражаттарына уруксат берилбей турганын айтты.

Европага баруу максатында Беларустан Польшага өтүүгө аракет кылган адамдардын эки өлкөнүн ортосунда жараткан чыңалуудан улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаган Варшава, узундугу 400 километр болгон аянтка журналисттер менен жарандык коомдук уюмдардын киришине уруксат бербей жаткан болчу. 



Тектеш кабарлар