Казыми: «Үйүмө кол салгандардын ким экендиктерин билебиз»

Ирактын премьер-министри Мустафа ел-Казыми кезексиз күн тартиби менен Министрлер кеңешин чогултту.

1730631
Казыми: «Үйүмө кол салгандардын ким экендиктерин билебиз»

Ирактын премьер-министри Мустафа ел-Казыми үйүнө куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) менен кол салган кишилердин ким экенин билгендерин айтты.

Багдадда кезексиз күн тартиби менен Министрлер кеңешин чогулткан Казыми бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз кылмышкерлердин изин кубалайбыз жана алардын кимдер экенин жакшы билебиз, жакында ачыкка чыгарабыз», - деди.

Бул аралыкта борбор шаар Багдаддын Жашыл аймак жана башка кээ бир жерлеринин айланасына коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аскердик унаалардын жайгаштырылганы байкалды.

Казыминин бул аймакта жайгашкан үйүнө кечээ эртең менен куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (SİHA) менен кол салуу болду. Кол салууну Иранга жакын шиит согушкер күчтөрү жасаганы айтылды.



Тектеш кабарлар