АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жойду

АКШ бүгүнкү күндөн тарта аэропорттордо жана чек араларда эмдөөдөн өткөн жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштады.

1730610
АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жойду

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам 20 айга жакын убакыттан бери ишке ашырылып келе жаткан саякатка тыюу салууну эмдөөдөн өткөндөр үчүн алып салды.

АКШ бүгүнкү күндөн тарта Ковид-19 чектөөлөрүн токтотуп, аэропорттордо жана чек араларда эмдөөдөн өткөн жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштады.

Жаңы тартипке ылайык, АКШга кирүүнү каалаган жүргүнчүлөр эмдөөдөн өткөнүн далилдеши жана тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Мексика жана Канададан авто жолу менен саякаттаган зыяратчылардан болсо Ковид-19га тестти талап кылынбайт.

АКШга аба транспорту менен кирүүнү каалаган жүргүнчүлөр өздүк маалыматтарын эмдөө карталары менен дал келтириши керек, ал эми толук эмдөөдөн өткөнүн далилдей албаган жүргүнчүлөр эреже бузгандыгы үчүн 35 миң долларга чейин айып пул төлөшөт.



Тектеш кабарлар