Космоско дагы 36 OneWeb спутниги учурулду

36 байланыш спутниги Казакстандын Байкоңур космодромунан Орсиянын Союз-2.1В ракетасы менен учурулду.

1719674
Космоско дагы 36 OneWeb спутниги учурулду

Британиялык OneWeb компаниясына таандык дагы 36 спутник космосто Орусиянын Союз-2.1В ракетасы менен учурулду.

Дүйнөнү тез иштеген интернет менен камсыздоо максатында долбоорлонгон британиялык OneWeb компаниясына таандык 36 байланыш спутниги Казакстандын Байкоңур космодромунан Орсиянын Союз-2.1В ракетасы менен учурулду.

Орус космос агенттигинин (Роскосмос) туунду компаниясы Glavcosmos, Arianespace жана Starsem компаниялары менен түзүлгөн келишимдин негизинде учурулган спутниктердин саны 356га жетти.

Roscosmos жана OneWeb мурда келишимдин чоо-жайына байланыштуу билдирүүсүндө 2022-жылга чейин космоско 648 спутник жөнөтүүнү көздөп жатышканын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар