Америка армиясындагы аскерлердин жанын кыйгандыгына байланыштуу отчет

Өткөн жылы АКШ армиясында 580 аскер жанын кыйган.

1713344
Америка армиясындагы аскерлердин жанын кыйгандыгына байланыштуу отчет

АКШнын коргоо министрлигинин АКШ армиясындагы аскерлердин жанын кыюусу тууралуу  жылдык отчетунда активдүү кызмат өтөгөн аскерлердин арасындагы жан кечтилик катнашынын 2020 – жылы андан мурунку бир жылга караганда 9, 1 пайызга жогорулаганы белгиленди.

Отчетто резервдеги күчтөрдүн арасындагы өз жанын кыюу деңгээли ошол эле мезгилде 19,2 пайызга, улуттук гвардияда өз жанын кыюу 31,7 пайызга өскөнүнө көңүл бурулду.

Өткөн жылы активдүү, запастагы жана улуттук гвардиянын арасында 580 жоокердин өз жанын кыйганы билдирилип, активдүү жоокерлердин өз жанын кыюу көрсөткүчү 5 жылдын ичинде 41,4 пайызга өсүп 100 000 кишиде 28ге жеткенине көңүл бурулду.

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин отчетко байланыштуу маалымат берип : "Маалыматтар тынчсыздантуучу. Аскерлерибиз жана алардын үй -бүлөлөрүнүн арасындагы жанын кыюу катнашы жогору жана тенденциялар туура багытта эмес",- деди.  



Тектеш кабарлар