Ашраф Гани билдирүү таратты

Гани: «Мен кан төгүүнү алдын алуу үчүн өлкөдөн чыгып кеттим»

1693872
Ашраф Гани билдирүү таратты

Ооган президенти Ашраф Гани кан төгүүнү болтурбоо үчүн өлкөсүнөн чыгып кеткенин айтты.

Ашраф Гани 15-август жекшемби күнү Талибан күчтөрү Кабулду басып алганда өлкөдөн чыгып кеткендиги үчүн мурдагы министрлер тарабынан катуу сынга алынды.

Бириккен Араб Эмираттарында экени жарыяланган Гани өлкөдөн чыккандан кийин биринчи жолу кечээ билдирүү таратты.

Гани өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган видеодо, кан төгүүнү жана чоң апаатты алдын алуу үчүн Ооганстандан кетүүгө туура келгенин айтты.

Гани ошондой эле президенттик сарайдан чыгып баратканда чоң суммадагы акчаларды алып кеткени тууралуу маалыматты четке какты.



Тектеш кабарлар