Орусия Ооганстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1692333
Орусия Ооганстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалдын турукташканын жактады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ооганстанда талиптер бийликти колго алгандан кийинки абалга көз салынганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биздеги маалыматка караганда, борбор шаар Кабулда жана Ооганстандын бардык аймагында абал турукташууда. Талибан коомдук тартипти сактай баштады жана алар жергиликтүү жарандардын жана чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик бергенин ырасташты. Ооганстандагы бардык тараптарды күч колдонуудан алыс болууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Орусиянын Кабулдагы элчилиги ишин улантары жана Афганистандагы жаңы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн башталганы айтылды.



Тектеш кабарлар