Россияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобуста жарылуу болду
1 адам көз жумуп, 16 адам жаракат алган жарылууга күйүүчү май куюлган бак себеп болгон деп божомолдонууда.
1690641
![Россияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобуста жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bc43/c832/a38e/611632fe76a4a.jpeg?time=1718905792)
Россияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобуста жарылуу болуп бир адам каза тапты.
Воронеж шаарында 30дан ашуун жүргүнчүсү бар автобуста, жүргүнчүлөрдү алып жаткан учурда жарылуу болду.
1 адам көз жумуп, 16 адам жаракат алган жарылууга күйүүчү май куюлган бак себеп болгон деп божомолдонууда.
Окуядан кийин шаардын губернатору, бардык газ жана дизелдик автобустарды текшерүүнү тапшырды.