Ооганстандагы Баграм аба базасы эвакуацияланды

АКШнын  Коргоо министрлигинин кызматкерине таянган Рейтер агенттигинин кабарына караганда, бардык чет элдик аскер күчтөрү Ооганстандагы Баграм аба базасын таштап кетишти.

1668606
Ооганстандагы Баграм аба базасы эвакуацияланды

Ооганстандан эл аралык аскер күчтөрүн чыгаруу уланып жатканда, баш калаа Кабулдан 50 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Баграм аба базасы эвакуацияланды.

АКШнын  Коргоо министрлигинин кызматкерине таянган Рейтер агенттигинин кабарына караганда, бардык чет элдик аскер күчтөрү Ооганстандагы Баграм аба базасын таштап кетишти.

11-сентябрдагы кол салуудан кийин Ооганстанда башталган миссия аяктоодо.

Германия жана Италия Ооганстандагы аскерлерин НАТОдон чыгаруу процесси аяктаганын жарыялаган.

АКШ Ооганстандан чыгып кетүү жараянынын 50 пайыздан ашыгы аяктаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар