ЙПГ / ПКК Сирияда кармалган 67 кишинин өмүрүн кыйды
Бул боюнча Жарандарга каршы укуктардын бузулушун документтештирген Сириянын Адам укуктары тармагы (SNHR) отчет жарыялады.
![ЙПГ / ПКК Сирияда кармалган 67 кишинин өмүрүн кыйды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce69/6153/9b6e/6044690702a56.jpg?time=1718941202)
Жикчил террордук уюм ЙПГ / ПКК акыркы 5 жылда Сирияда кармалган адамдардын кеминде 67 кишисинин өмүрүн кыйды.
Жарандарга каршы укуктардын бузулушун документтештирген Сириянын Адам укуктары тармагы (SNHR) жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын Сирияда оккупацияланган аймактарындагы жарандарга каршы жасаган кылмыштары жөнүндө отчет жарыялады.
Тармактын отчетунда, 2016-жылдан бери жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын мүчөсү болгон террористтердин Сириядагы жарандык согушта кеминде 67 адамдын, анын ичинде бир жаш баланын жана 2 аялдын өмүрүн кыйгандыгы белгиленди.
Бөлүүчү террордук уюмдун кыйноолорунда өч алуунун издери бар деп айтылган отчетто, кармалгандарга карата ар кандай кыйноолор колдонулгандыгы баса белгиленди.
Акыркы 6 айда уюмдун кыйноолору менен кеминде 6 адам өмүрүн алгандыгы айтылган отчетто уюмдун түрмөлөрүндө кармалган кеминде 3417 адамдын тагдыры жөнүндө эч кандай кабар жок экендиги белгиленди.