АКШ Афганистанга 650дөй аскерин калтырат

АКШнын Коргоо министрлигинин кызматкерлери AP агенттигине маалымат беришти.

1664673
АКШ Афганистанга 650дөй аскерин калтырат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Афганистандан чыгып кетүү аяктагандан кийин дипломатиялык персоналды коргоо үчүн 650дөй аскерин калтырат.

АКШнын Коргоо министрлигинин кызматкерлери AP агенттигине берген билдирүүсүндө, Кабул эл аралык аэропортун коргоодо Түрк куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүү максатында сентябрь айына чейин бир нече жүз америкалык аскерлерди өлкөдө кармоо пландаштырылып жаткандыгын билдиришти.

Жетекчилер Түркия менен болгон сүйлөшүүлөрдө аэропортто Ракета аткыч жана миномет тутуму (C-RAM), аны иштете турган персоналдын болушу темасында макулдашылганын кабарлашты.

Ошондой эле Түркия менен Америка Кошмо Штаттары тарабынан да колдоо көрсөтүлсө, аэропортту коргоо милдетин өз мойнуна алууга негизинен макул болушкандарын жана АКШ менен Түркиянын аскерий жетекчилери ушул жумада Анкарада жолугушуп бул боюнча келишимди жыйынтыктай тургандарын маалымдашты. 

Өлкөдөгү 4 миңден ашуун америкалык аскердин 11-сентябрга чейин өлкөдөн чыгып кетиши күтүлүп жатканда, болжол менен 650 жоокердин өлкөдө туруктуу кала тургандары белгиленди.



Тектеш кабарлар