Микроскопиялык жандыктын 24 миң жыл бою жашап келгендиги аныкталды
Топурактын үлгүсүнөн "Bdelloid rotifer" деп аталган микроскопиялык жандык табылды.
Сибирдеги тоңгон топурак катмарында көп клеткалуу микроскопиялык жандыктын 24 миң жыл бою жашап келгендиги аныкталды.
Россиядагы Пущино илимий изилдөө борборунун изилдөөчүлөрү Сибирь аймагында иштери учурунда чогулткан топурактын үлгүсүнөн "Bdelloid rotifer" деп аталган микроскопиялык жандык табылганын аныкташты.
Бургулоо жолу менен алынган үлгүдөгү тоңуп калган көп клеткалуу организмди иликтеген изилдөөчүлөр, жандыктын жашоо функцияларынын уланганын билдиришти.
Организмди курагын аныктоо үчүн өркүндөтүлгөн радио-көмүртектүү сыноолордон өткөргөн илимпоздор, тирүү жандыктын 24 миң жылдык экенин билишти.
Изилдөө тобунан Стас Малавин бул изилдөөнун көп клеткалуу жаныбарлардын он миңдеген жылдар бою криптобиоздо жашай тургандыгынын өтө күчтүү далили экендигин маалымдады.