Путин Израиль-Палестина маселесине байланыштуу сереп салды

Путин Анадолу агенттигинин (AA) башкы директорунун орун басары жана башкы редактору Юсуф Өзхандын суроосуна жооп берди.

1652105
Путин Израиль-Палестина маселесине байланыштуу сереп салды

Россиянын президенти Владимир Путин, Израиль-Палестина маселесин чечмейинче аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн мүмкүн эмес экендигин айтты.

Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумдун алкагында, дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү. Жыйында Путин Анадолу агенттигинин (AA) башкы директорунун орун басары жана башкы редактору Юсуф Өзхандын «Палестина менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын чечилишине Россия кандайча салым кошо алат» деген суроосуна жооп берди.

Учурдагы бардык маселелерди талкуулоо үчүн көп тараптуу платформа жана көп тараптуу кызматташуу керектигин белгилеген Путин: «Эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүл буруусун талап кылган айрым маселелер бар. Учурда Израиль-Палестина жаңжалын чечмейинче аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү мүмкүн болбой тургандыгына күбө болуп жатабыз»,-деди.

Палестинадагы айырмачылыктарды жоюунун да маанилүү фактор экендигин белгилеген Путин: «Ошондой эле Израилдин отурукташуу маселеси бар, бирок үйүлүп жаткан башка көйгөрлөр көп. Мунун бардыгы кылдаттык менен карап чыгууну талап кылат. Маселенин олуттуулугу жана бүткүл дүйнө үчүн канчалык маанилүү экендигин эске алганда, Палестина көйгөйүн чечүүгө байланыштуу темалар эл аралык саясаттын артында же четте турбашы маанилүү», деп сереп салды.



Тектеш кабарлар