Россиядан EURO-2020 чечими

EURO-2020 11-июндан 11-июлга чейин өтөт.

1642911
Россиядан EURO-2020 чечими

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган 2020-жылкы Европа футбол чемпионатынын (ЕВРО-2020) беттештерине билети бар чет өлкөлүк жарандар өлкөгө визасыз кире алары белгилүү болду.

Россиянын EURO-2020 уюштуруу комитетинин Твиттер баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Чет өлкөлүк жарандар Россияга EURO-2020 беттештери үчүн визасыз кире алышат. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин тиешелүү документке кол койду. Кирүү үчүн беттеш билети, Ковид-19 тестти жана паспорт гана керек» деген сөздөр камтылды.

11 өлкө кожоюндук кыла турган EURO-2020, 11-июндан 11-июлга чейин өтөт.



Тектеш кабарлар