Израилдин бомбалоосу түндө дагы токтогон жок

Израиль армиясы курчоодо калган Газа тилкесине кол салууда үйлөрдү, айдоо жерлерин жана палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун позицияларын бутага алды.

1642323
Израилдин бомбалоосу түндө дагы токтогон жок
gazze.jpg
israil gazze saldiri.jpg
israil gazze saldiri.jpg

Израиль армиясы курчоодо калган Газа тилкесине кол салууда үйлөрдү, айдоо жерлерин жана палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун позицияларын бутага алды.

Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы батирди бутага алып кол салуусунан жаракат алгандардын болгону кабарланды. Кол салууларда Хан Юнус шаарынын Жапон кварталындагы жана Рефах шаарынын Шабура районундагы эки үй кыйрады.

Согуш учактары Жибалиядагы качкындар лагериндеги Шухеда аянтын дагы бомбалады. Кол салуудан жаракат алгандар болду жана инфраструктура дагы катуу кыйроого учурады.

Газанын түштүгүндөгү Шейх Аклин аймагындагы айыл чарба талаасын жана бош машинаны бутага алган Израилдин согуштук учактары, Газанын түштүгүндөгү Рефах жана Дейр ал-Белахтагы палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун үч турумун бомбалады.

Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагериндеги айыл чарба жерлерине да абадан сокку урууда. Израиль армиясынын Бейт Ханунда артиллериялык кол салууларынан айыл чарба жеринде өрт чыкты.

Израилдин катерлери Газанын түндүгүндөгү жээкти жана Хан Юнустун жээгин дагы бомбалады.

10-майдан бери Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан 227 адам шейит болуп, анын 64ү балдар жана 1620 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар