Ажылык ибадаты көрүлгөн чаралардын негизинде аткарылат
Сауд Арабия бул жылы ажылык ибадатынын Ковид - 19гай байланыштуу атайын саламаттыкты сактоо жана коопсуздук шарттарынын негизинде аткарыларын жарыялады.
1637061
Сауд Арабия бул жылы ажылык ибадатынын Ковид - 19гай байланыштуу атайын саламаттыкты сактоо жана коопсуздук шарттарынын негизинде аткарыларын жарыялады.
Ажылык жана умра минитсрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул жылы ажылыктын ажылардын саламаттыгын коргоого алуу жана ибадатарын оңой аткарышы көзөмөлгө алынуу менен атайын саламаттыкты сактоо жана коопсуздук шарттарына карата аткарылышы пландалгандыгын белгиледи.
Маалыматта ажылык шарттары менен жана көрүлгөн чаралар тууралуу кийинчерээк билдирилери маалымдалды.
Сауд Арабия Ковид - 19 эпидемиясынан улам өткөн жылы өлкө ичинде жана чектүү санда гана ажыларды кабыл алган.