Женевада Кипр конференциясы башталды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилиги астында 5 + 1 форматындагы бейформал Кипр конференциясы башталды.

1629499
Женевада Кипр конференциясы башталды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилиги астында 5 + 1 форматындагы бейформал Кипр конференциясы БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татардын эки тараптуу жолугушуусу менен башталды.

Эки тараптуу жолугушуу БУУнун Женева кеңсесинин жанында жайгашкан InterContinental мейманканасында өтөт.

Татарды Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу жана башка расмий адамдар 1 саатка жакын убакытка созула турган жыйында коштоп жүрөт.

Гутерриштин жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 00дө Кипр Рум администрациясынын лидери Никос Анастасиадис менен жолугушуусу болду.

БУУнун Башкы катчысы, кечинде Кипр тараптары жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британия делегация башчыларынын урматына сый тамак беришет.

Экинчи жагынан, Швейцариянын полициясы мейманкананын айланасында кеңири коопсуздук чараларын көргөнү байкалды.

Конференцияда Түркияны Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу башында турган делегация өкүлдүк кылууда.



Тектеш кабарлар