BioNTechтин негиздөөчүсү: «Жыл сайын эмдөөдөн өтүп туруу керек болот»

Доктор Түрежи Америка Кошмо Штаттарындагы бир телекөрсөтүүгө конок катары катышты.

1627491
BioNTechтин негиздөөчүсү: «Жыл сайын эмдөөдөн өтүп туруу керек болот»

Германиялык BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү түрк илимпоз Өзлем Түрежи коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан вакцинадан кийин убакыттын өтүшү менен вируска каршы иммунитеттин төмөндөгөнүн айтты.

Доктор Түрежи Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) бир телекөрсөтүүгө конок катары катышты.

Америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы менен иштеп чыгышкан Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасынын да сайылышы керек болоорун айткан Түрежи, эмдөөдөн бир нече убакыт өткөн соң вируска каршы иммунитеттин төмөндөгөнүн белгилеп: «Сезондук тумоого окшоп, жыл сайын эмдөөлөр болушу мүмкүн»,-деди.

Пфизердин Башкаруу кеңешинин төрагасы Альберт Бурла өткөн апталарда "Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасынын эң кеч 12 айдын ичинде сайылышы керек" деп айткан эле.



Тектеш кабарлар