Байдендин жетекчилиги Трамптын дагы бир саясатын жокко чыгарат

Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөдү.

1617875
Байдендин жетекчилиги Трамптын дагы бир саясатын жокко чыгарат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд, мурунку президент Дональд Трамптын жетекчилигинин миналарды топтоого жана колдонууга уруксат берген саясатын жокко чыгара тургандарын билдирди.

Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Миналарды көзөмөлдөө уюмунун отчетуна караганда, 2019-жылы дүйнө жүзү боюнча 5554 кишинин мина, кластердик бомба жана берки жардыргыч заттардан улам көз жумгандыгын кабарлады.

Миналардын айынан өмүрүнөн айрылгандардын көпчүлүгү карапайым адамдар жана балдар экендигин белгилеген Гринфилд, АКШнын миналардын колдонулушуна чектөө коюлушу керектигине ишенгенин жана президент Жо Байдендин Трамптын администрациясынын миналарды запастоого, колдонууга мүмкүндүк берген саясатын өзгөртүүнү пландап жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар