Францияда исламофобияга каршы митингдер уланууда

Борбор шаар Париж жана Марсилия, Лилль, Стразбург, Бордо жана Лион сыяктуу шаарларда долбоор жана исламофобияга нааразычылык билдирилди.

1605921
Францияда исламофобияга каршы митингдер уланууда

Франциядагы мусулмандарды бутага алгандыгы үчүн сынга алынган "сепаратисттик" мыйзам долбооруна жана исламофобияга каршы митингдер уланууда.

Борбор шаар Париж жана Марсилия, Лилль, Стразбург, Бордо жана Лион сыяктуу шаарларда долбоор жана исламофобияга нааразычылык билдирилди.

«Баарына  бирдей мыйзам үчүн исламофобияга каршы фронт» аттуу уюмдун жол башчылыгында Париждин Шателет аянтында чогулган калың топ Республика аянтына чейин жүрүштү.

Митингге чыккандар “Исламофобияны токтоткула”, “Акыйкаттык жок, тынчтык жок”, “Расисттер каалабаса дагы биз ушул жердебиз” жана “Биз бул жерде мусулмандардын намысы менен балдардын келечеги үчүн барбыз” деген ураандар менен жүрүштү.



Тектеш кабарлар