АКШ, Афганистан жана Тажикстандын ортосунда үч тараптуу жыйын өткөрүлдү

Үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери биргелешкен билдирүү жарыялашты.

1604990
АКШ, Афганистан жана Тажикстандын ортосунда үч тараптуу жыйын өткөрүлдү

АКШ, Афганистан жана Тажикстан Афганистандагы тынчтык жараянын талкуулашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясий маселелер боюнча кеңешчисинин орун басары Дэвид Хейл, Афганистандын тышкы иштер министри Ханид Атмар жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирацюддин Мухриддиндин төрагалыгы астында үч тараптуу жыйын өткөрүлдү.

Үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө, аймактын коопсуздугу сыяктуу жалпы кызыкчылыктар жана Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык талкууланган жыйында, Афганистанда өкмөт менен Талибандын ортосунда жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн да каралгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө: «Катышуучулар Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү жана эл аралык коомчулукту эгемендүү, туруктуу, демократиялык, коопсуз, камтуучу жана өзүн-өзү камсыз кылган Афганистан үчүн оогандар башында турган, алар ээлик кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышат» деген сөздөр камтылды.

Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн өз ара аракеттерди өркүндөтүү керектиги белгиленген билдирүүдө, АКШнын эки өлкөнүн ортосундагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөрү маалымдалды.

Билдирүүдө Борбордук Азия Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана Соода долбоору сыяктуу аймактык энергетикалык долбоорлор колдоого алынып, Афганистан менен Тажикстандын ортосунда жаңы транспорттук линияларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү айтылды.

Афган жана тажик компанияларынын соода мамилелерин өркүндөтүү зарылдыгы да баса белгиленип АКШ, Тажикстан жана Афганистандын ортосунда үч тараптуу ишкерлер форумунун түзүлүүсү пландаштырылып жаткандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар