Тажикстанга берилген гуманитардык жардамдар

Тажикстан жылдын январь - февраль айларында 30 мамлекеттен 6 миллион 560 миң долларлык гуманитардык жардам алды.

1604144
Тажикстанга берилген гуманитардык жардамдар

Тажикстан жылдын январь - февраль айларында 30 мамлекеттен 6 миллион 560 миң долларлык гуманитардык жардам алды.

Тажикстан Мамлекеттик Статистикалык Институтунун билдирүүсүндө, жылдын алгачкы эки айында өлкөгө 1,4 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилгени кабарланган.

Билдирүүдө гуманитардык жардам азык-түлүк, анын ичинде ун жана өсүмдүк майы, дары-дармектер, медициналык каражатардан  тургандыгы билдирилди.  

Тажикстанга гуманитардык жардам жөнөткөн 30 мамлекеттин ичинен Кытай 32,5 пайыз үлүш менен биринчи орунда турса, андан кийин 12,9 пайыздык үлүшү менен Орусия, 11,4 пайыздык үлүшү менен Түштүк Корея турат.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ичинен жакыр өлкөлөрдүн бири болгон Тажикстанга 2020-жылы 62 мамлекеттен 22,5 миң тонна гуманитардык жардам келген, алардын жалпы наркы 55,8 миллион долларды түзгөн.



Тектеш кабарлар