АКШда иммигранттарды ташыган унаа кырсыкка учурады

Кырсыктан 8 качкындын каза болгондугу кабарланды.

1603023
АКШда иммигранттарды ташыган унаа кырсыкка учурады

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) иммигранттарды ташыган фургон менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп 8 адам каза болду.

Жетекчилер АКШ-Мексика чек арасында жайгашкан Дел-Рио шаарында 15-мартта фургон менен жүк ташуучу унаанын кагышканын, кырсыктан 8 качкындын каза болгонун кабарлашты.

Иммигранттарды ташыган унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн полиция кызматкерлери кууганын жана кырсыктын качуу учурунда болгондугун билдиришти.

Дел-Рио шаары иммигранттар үчүн транзиттик пункт катары белгилүү.



Тектеш кабарлар