Нигерияда Боко Харамга карата операция жүргүзүлдү
Операцияда уюмдун 41 мүчөсү жок кылынып, көп сандаган террорист да жаракат алды.
1602196
![Нигерияда Боко Харамга карата операция жүргүзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/04ab/a7d5/2c9b/5f16a16f20587.jpg?time=1718934050)
Нигериянын түндүк чыгышында террордук уюм Боко Харамга карата жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 41 мүчөсү жок кылынып, көп сандаган террорист да жаракат алды.
Нигерия армиясынын катчысы Мухаммед Йерима Борно штатына караштуу Гамбору Нгалдагы Гулва жана Мусури аймактарында Боко Харам террордук уюмуна каршы операция жүргүзүлгөндүгүн жарыялады.
Операцияларда 41 террористтин жок кылынгандыгы, көп сандаган террористтин да жаралангандыгын билдирген Йерима террористтерге таандык негизги ок - дарылардын да колго түшүрүлгөндүгүн маалымдады.
Террордук уюм барымтага алган 60 аял менен бала куткарылган операцияда 4 аскер каза болуп, көп сандаган аскер да жараланды.