Мьянмадагы нааразычылык акциясына полиция чыныгы ок атып кийлигишти

Окуялардын натыйжасында бүгүн Багодо 2 адам, Янгондо 5 адам атылып өлтүрүлдү.

1601016
Мьянмадагы нааразычылык акциясына полиция чыныгы ок атып кийлигишти

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камакка алынышына каршы чыккан демонстранттарга коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында кеминде 7 адам каза болду.

Мьянма массалык маалымат каражаттары жана нааразычылык акциясына катышкан активисттер социалдык медиада бөлүшкөн маалыматтарга караганда, Мьянма армиясы Янгон жана Баго аймактарындагы демонстрацияны таркатуу үчүн чыныгы ок колдонгон.

Окуялардын натыйжасында бүгүн Багодо 2 адам, Янгондо 5 адам атылып өлтүрүлдү.

Мьянмадагы аскердик башкаруунун мыйзамдуулугун кабыл албаган депутаттар тарабынан түзүлгөн Улуттук Мажлистин Өкүлчүлүк Комитетинин (CRPH) төрагасы Махн Вин Хаинг Тан, «Биз жарандык өкмөт катары элдин өзүн коргоого мүмкүнчүлүк бере турган бардык мыйзамдарды кабыл алууга аракет кылабыз деп убада беребиз»,-деп айткан.

Кечээки нааразычылык акциясында коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында 11 адам каза болду.



Тектеш кабарлар