Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид - 19 боюнча акыркы абал

Иранда Ковид  - 19га карата чыгарылган экинчи жергиликтүү вакцина Razi Cov Pars таанытылды.

1579535
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид  - 19 боюнча акыркы абал

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллион 328 488ден ашты. Бейтап саны 106  миллион 735 000ден, айыккандардын саны  78 миллион 436 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны  155 114кө жетти.  Бейтап саны 10 миллион 838 000ге жети.  

Россияда эпидемиядан улам бир күндө 407 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 77068 болду. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде  вирус жуктургандардын саны 15 916га көбөйүп 3 миллион 983 000ге жогорулады.

Иранда вирустан 58 536 киши каза болуп, вирус жуктургандардын саны 1 миллион 473 756 болуп катталды. Ковид  - 19га карата чыгарылган экинчи жергиликтүү вакцина Razi Cov Pars таанытылды. Вакцианын кыска убакытта адамдарда сыналары билдирилди.

Ушул күнгө чейин Ковид  -19 вирус жуктурган 474 бейтаптын бар экендиги билдирилген Түштүк Чыгыш Азия өлкөсү Камбоджага Кытайдан 600 000 доза Sinopharm вакцинасы жардам берилди.

Эпидемияда 2 414 киши каза болуп, 55 384 бейтап болгон Афганистанда Оксфорд университети менен дары фирмасы AstraZeneca иштеп чыккан Ковид  - 19 вакцинасынан Индиянын сары суу институту чыгарган 500 000 доза кечээ Кабулдагы Хамид Карзай аэропотуна барды.

Вирустан ушул күнгө чейин 5 129 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 693 210дон ашкан Израилде күндө  100 – 120 000 кишилик эмдөө катнашы жарымга төмөндөдү.

Индонезияда 31 763, Иракта 13 126, Пакистанда 12026, Филиппиндерде 11 231, Бангладеште 8 221, Тунисте 7 214, Ливанда 3 616 киши вирустан каза тапты.

Катар Ковид  - 19  вакцинасы жана медициналык жардамдарды таркатуу ишин саясатташтырбоого чакырды. Тышкы иштер министринин орун басары Лулва ел  -  Хатыр : «Кээ бир чөйрөлөрдүн Ковид  - 19  вакцинасын моноплиялаштырууга карата мыйзам чыгарары тууралуу кабарлар бар. Муну четке кагабыз жана эл аралык коомчулук да четке кагышы керек»,- деди. Катарда эпидемиядан 250 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 154 098ге жетти.

Түштүк Африкада эпидемиянын айынан 46 миң 290 киши каза болду. Ковид-19 өлкөдөгү 1 миллион 476 135 кишиде аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Цвели Мхизе Оксфорд университети жана AstraZeneca иштеп чыккан каршы вакцинаны колдонууну убактылуу токтотушканын билдирди.



Тектеш кабарлар