BioNTech / Pfizer экинчи чейректе ЕБне 75 миллион доза кошумча вакцина берет

Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинде Европа Биримдигинин жаңы Ковид-19 эмдөө стратегиясы жөнүндө бөлүштү.

1575321
BioNTech / Pfizer экинчи чейректе ЕБне 75 миллион доза кошумча вакцина берет

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцинаны жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн кийин BioNTech / Pfizer экинчи чейректе 75 миллион доза кошумча вакцина берет деп билдирди.

Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинде Европа Биримдигинин жаңы Ковид-19 эмдөө стратегиясы жөнүндө бөлүштү.

Европалыктарды Ковид-19 вакцинасы менен камсыздоо үчүн фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз кызматташтыкта ​​иштеп жатышканын белгилеген Фон дер Ляйен, «BioNTech / Pfizer жылдын экинчи чейрегинде 75 миллион дозаны кошумча берет жана 2021-жылы 600 миллион дозасын берет»,деген маалыматты берди.

Европа Биримдиги опциялар менен катар BioNTech-Pfizer менен 600 миллион доза вакцина, AstraZeneca менен 400 миллион доза, Sanofi-GSK менен 300 миллион доза, Жонсон жана Жонсон менен 400 миллион доза, CureVac менен 405 миллион доза жана Moderna менен 160 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча келишим түзгөн.

ЕБ, учурдагы эмдөө стратегиясынын алкагында 1-июнга чейин 450 миллион жашы жеткен калктын ичинен 70 пайызын эмдөөнү максат кылган, бирок акыркы мезгилде вакцина өндүрүүчүлөр сунушун кыскартат деген жарыя менен бул максатка жетүү мүмкүнчүлүгү азайган болчу.

BioNTech-Pfizer быйыл 1,3 миллиард доза вакцина өндүрүүнү көздөгөн. Бирок, жакында ал өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу жана жаңы ишканаларды ачуу үчүн кызматташуу аркылуу бул көрсөткүчтү 2 миллиард дозага чейин көбөйттү.

AstraZeneca кечээ ЕБге 9 миллион доза кошумча вакцина жеткире турганын жана биринчи кварталда 40 миллион дозаны камсыздай тургандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар