Жакыр өлкөлөргө 2022-жылга чейин вакцина жок

Изилдөөнүн жыйынтыгы Британиянын медициналык журналында жарыяланды.

1546796
Жакыр өлкөлөргө 2022-жылга чейин вакцина жок

Дүйнө калкынын кеминде бештен бири 2022-жылга чейин коронавирус (Ковид-19) вакцинасын ала алышпайт.

Британиянын медициналык журналында жарыяланган изилдөөгө караганда, дүйнө калкынын кеминде бештен бир бөлүгү коронавирус вакцинасын 2022-жылга чейин ала алышпайт.

Бай өлкөлөрдүн 2021-жыл үчүн көздөлгөн вакцинанын потенциалдуу дозаларынын жарымынан көбүн запастаганына көңүл бурулган изилдөөдө, бул өлкөлөрдүн дүйнө калкынын 14 пайызын гана түзгөнү белгиленди.

Изилдөөдө бай өлкөлөрдүн бири Канаданын ар бир адамга төрт дозадан алып койгону, АКШнын ар бир жаранды эмдөө үчүн жетиштүү запас резервдегени жана берки бай өлкөлөрдө калктын бардыгына жетиштүү вакцина дозалары кепилденгени айтылды.

Индонезия сыяктуу жакыр өлкөлөрдө болсо резервделген дозанын көлөмү эки кишиден бирөөнө гана жете турганына көңүл бурулду.

Ошондой эле изилдөөчүлөр, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан дүйнөдө вакциналардын адилеттүү бөлүштүрүлүшү үчүн түзүлгөн Ковакс демилгесине 180ден ашуун өлкө катышкандыгын, бирок АКШ менен Россиянын бул демилгеге катыша электигин белгилешти.



Тектеш кабарлар