Pfizer вакцинасынын Индияда колдонулушу үчүн кайрылды

Индияда учурда 5 вакцинанын өнүккөн клиникалык сыноолору жүрүп жатат.

1540427
Pfizer вакцинасынын Индияда колдонулушу үчүн кайрылды

Америкалык фармацевтикалык компания Pfizer Индияга Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан иштелип чыккан «BNT162b2» вакцинасына талапкерди сатуу жана жайылтуу үчүн кайрылган.

Учурда 5 вакцинанын өнүккөн клиникалык сыноолору жүрүп жаткан Индияда, фармацевтикалык компания коронавирустун (Ковид-19) вакцинасынын жаңы түрүн шашылыш түрдө колдонууга биринчи жолу кайрылды.

Индиянын Bharat Biotech биотехникалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан ата мекендик вакцинага талапкердин үчүнчү этаптагы клиникалык сыноолору 27-ноябрда башталды.



Тектеш кабарлар