Молдовада калк эртең экинчи жолу добуш берет
Добуш берүү эртең эрте менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 007:00дө башталып, саат 21:00дө аяктайт.
Молдовада эл президенттик шайлоонун экинчи туру үчүн эртең добуш берет.
Өлкөдө 1 - ноябрда болгон шайлоонун биринчи турунда эң көп добуш алган Кыймыл жана Тилектештик партиясынын лидери болгон мурунку премьер - министр Мая Санду менен учурдагы президент Игорь Додон президенттикке ат салышат.
Додондун кызмат мөөнөтүнүн акырына чыгышы менен шайлоонун экинчи турунда өлкө тышында жашагандар да кошулуп 3 миллион 287 140 шайлоочунун добуш бериши күтүлүүдө.
Молдовада 36 аймакта жана элчиликтерде, 139зу өлкө тышында, 42си Молдова чектеринин ичинде жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Приднестровье аймагында жалпы 2 143 үкөктө добуш берилет.
Добуш берүү эртең эрте менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 007:00дө башталып, саат 21:00дө аяктайт.
Өлкөдөгү шайлоо мыйзамы боюнча президенттик шайлоонун расмий болбогон жыйынтыктары 3 күндүн ичинде билдирилиши керек. Шайлоодо ийгиликтүү чыккан талапкер 45 күндүн ичинде ант берип президенттик кызматын баштайт.