Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Коронавирус жан алууну улантууда.

1521498
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө  жаңы тип  коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 222 445тен ашты. Бейтап  саны 47 миллион  958 35тен,  ал эми айыккандардын саны 34 миллион 415 610дон ашты.  

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 123 650гө, вирус жугузгандардын саны да 8  миллион 313 876га жетти. 

Иранда 24 саатта вирустан улам 419 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 36  579 болду. өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 8 452  жаңы учур катталды жана вирус жуккандардын жалпы саны да 646 164кө жетти. 

Россияда вирустан каза болгондордун жалпы саны 29 217 болду. Вирус жугузгандардын саны да  19 768ге көбөйүп 1 миллион 693 454кө жетти. 

Ковид  - 19дан каза болгондордун саны Алжирде 1 989га, Ливанда 667ге жогорулады.

Израилдин түндүгүндөгү бир абакта 61 палестиналык туткун коронавирус тестинин позитив чыккандыгы билдирилди. Ушундайча Израиль абактарында коронавирус жугузган палестиналыктардын жалпы саны 104кө жогорулады.

Индонезияда вирустан 14 146  киши каза болуп, эл өкмөттүн коронавирус менен күрөшүнө ыраазы эмес экендигин билдиришти. 

 



Тектеш кабарлар