Озон тешиги максималдуу көлөмүнө жетти
Окумуштуулар, Антарктиданын үстүндөгү озон тешигин акыркы жылдардагы эң чоң жана эң терең экенин тастыкташты.
1504188
![Озон тешиги максималдуу көлөмүнө жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/44e4/80a3/25c4/5f7d61a9c1f53.jpg?time=1719028070)
Антарктиданын үстүндөгү озон тешигинин максималдуу көлөмүнө жеткендиги маалымдалды.
Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк метеорология уюмунун өкүлү Клер Нуллис БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйында: «Коперниктин атмосферага байкоо жүргүзүү кызматынын окумуштуулары, Антарктиданын үстүндөгү озон тешигин акыркы жылдардагы эң чоң жана эң терең экенин тастыкташты»,-деди.
Нуллис озон катмарынын (стратосфера) адамзатка өтө зыяндуу болгон ультрафиолет деп аталган нурлардын 99 пайызын сиңирүү жөндөмүнө ээ экендигин белгиледи.
Нуллис ошондой эле озон катмарынын жукарышы стратосферанын температурасына түздөн-түз байланыштуу экенин да айтты.