АКШ Армения менен Азербайжанга чакыруу салды

Ак үйдүн катчысы Кайлей МакЭнани Ак үйдөгү маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди

1501298
АКШ Армения менен Азербайжанга чакыруу салды

АКШдан Азербайжан жана Арменияга «сүйлөшүү» тууралуу чакыруу салынды.

Ак үйдүн катчысы Кайлей МакЭнани Ак үйдөгү маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Тоолуу Карабактагы акыркы кырдаал боюнча өзүнүн оюу жөнүндө суроого МакЭнани ЕККУнун Минск тобунун лидерлери, Россиянын Президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Франциянын президенти Еммануэль Макрондун бул маселе боюнча биргелешкен билдирүүсүн эске салды.

МакЭнани бул билдирүүдө аймактагы зомбулуктардын айыпталгандыгын эске салып : «Азербайжан жана Армениянын лидерлерин Минск группасынын тең төрагаларынын жетекчилигинде жакшы ниет жана алдыңкы шартсыз сүйлөшүүлөрдү эртерээк улантууга чакырабыз»,- деди.

Бир журналисттин : «Аймактагы күчтөрдүн бул кагылышууга тартылуусунан тынчсызданасызбы?»,- деген суроосуна : «Бул тууралуу башка айта турган сөз жок»,- деп жооп берди МакЭнани.

Бири тараптан АКШнын коргоо министрлигинин катчысы полковник Томас  Кэмпбелл : «Азербайжан менен Арменияга берген бардык жардамдарды эки өлкөнүн ортосундагы кагылышуулар менен байланыштырбай тургандай түрдө кылдаттык менен структуралаштырдык»,- деди. Абалдын өзгөрүп тургандыгын жана Пентагондун окуяларды жакындан иликтегендигин белгилеген Кэмпбелл: «Зомбулукту айыптап жана каза болгондор менен жаралангандардын үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар