Ливандын президенти жарылууга себепчи болгондор эң оор түрдө жазаланаарын айтты

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыгып, жарылуу болду.

1467492
Ливандын президенти жарылууга себепчи болгондор эң оор түрдө жазаланаарын айтты

Ливандын борбору Бейрутта болгон жарылуудан каза болгондордун саны 100 адамга, жаракат алгандардын саны 4 миңге жетти.

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыгып, жарылуу болду.

Ливандын президенти Мишел Аван, өрткө 6 жылдан бери кампада кандайдыр бир коопсуздук чарасы көрүлбөстөн чогултулган 2750 тонна аммоний нитраттын жарылышы алып келгенин белгилеп, «бул кабыл алынгыс» деди. Авн, жарылууга себепчи болгондордун жана бардык жооптуулардын эң оор түрдө жазаландырыла турганынын убадасын берди.

Бул окуяда 100 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алышты. Жабыркагандардын арасында 2 түрк жараны да бар.

Жарылуудан мурунку премьер-министри Саад аль-Хариринин үйү, өкмөттүн имараты, айланадагы имараттар, көчөлөр бузулуп, дагы деле болсо 3 кабаттуу имараттын урандылары астында калган адамдар болгону айтылат.

Полиция башчысынын айтымында, окуя мурда колго түшкөн жарылуучу заттар сакталган кампада болгон.

Премьер-министр Хасан Дияб: «Бүгүн болгон кырсыкка күнөөлүү адамдар жоопко тартылат»,- деди.

Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланды.  

Жогорку Коргоо кеңеши апаат болгон аймак деп жарыялаган Бейрутта, 2 аптага өзгөчө кырдаал жарыялады.

Белгилей кетчү нерсе, жарылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык Ливан соту Ливандын мурдагы премьер-министри Рефик Харириге кол салуу (2005) боюнча доого сот чечими жарыяланганга бир нече күн калганда (7-август) болгону көңүл бурду.

Экинчи жагынан, ысымдарынын ачыкка чыгарылышын каалабаган израилдик аткаминерлер Тель-Авивдин Бейруттагы жарылуу менен эч кандай байланышы жок деп сунуш кылышты.

Бул аткаминерлер жергиликтүү басма сөзгө билдирүү жасап, Израилдин окуяга байланышы жоктугун, жарылуу кокустук болушу мүмкүн деп билдирди.

Ливан Хизбуллахы борбор шаар Бейрутта болгон жарылуунун булагынын, Израиль тарабынан өздөрүнө таандык курал-жарак кампаларына кол салган деген айыпты четке кагышты.

Бейруттун губернатору Мерван Аббуд, Бейрут портунда болуп жаткан жарылуунун 3-5 миллиард доллардык чыгымга алып келгенин белгиледи.

Бул арада Катар, Ирак жана Иордания жарылуудан кийин Ливанга 4 талаа ооруканасын жана медициналык жардам жөнөттү.

 



Тектеш кабарлар